Анын айтымында, түрк күчтөрү жана сириялык козголоңчулар Азаздан Жераблуска чейинки 91 чакырым аралыктан согушкерлерди сүрүп чыгарды. Йылдырым өз өлкөсү Сирия менен чектеш жайгашкандыктан, ал жакта аскердик операциялар жүргүзүлүп жатканын айтты:
-Чек араны жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, Сириянын аймактык бүтүндүгүн сактоо максатын көздөйбүз. Сириянын түндүгүндө ар кандай мыйзамсыз мамлекет түзүп алууга эч качан жол бербейбиз.
Түркия өзүн “Ислам мамлекети” деп атаган экстремисттик топко жана күрт согушкерлерине каршы Сириядагы аскердик операцияларын 24-августта баштаган. Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары уюмунун билдиришинче, “Ислам мамлекети” тобу Түркия менен чек арадагы райондордон сүрүлгөндөн кийин тышкы дүйнө менен байланышын жоготту.
Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга түрк-сирия чек арасын коопсуз кылуу зарылдыгын айткан. Эки лидер Ханчжоудо "Чоң жыйырмалык" саммитинде жолугушкан.