Ссылки доступа

Кыргызстан чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууда


Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатканына жана Бишкекте 16-сентябрда баштала турган КМШ мамлекет башчыларынын саммитине байланыштуу Кыргызстандын бардык чек ара өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

3-сентябрдан тарта кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрмө бекеттерде убактылуу чектөө киргизилген.

Ошол эле маалда Кыргызстан менен Өзбекстандын мекенине кайтып келе жаткан жарандары мамлекеттик чек арадан эч тоскоолдуксуз өтүшөт.

Үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары, дипломатиялык корпустар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрү үчүн кыргыз-өзбек чек арасынан өтүү белгиленген тартипте улана берет.

XS
SM
MD
LG