Ссылки доступа

АКШ Орусиянын президенттик шайлоого кийлигишүүсүн текшерет


АКШнын укук коргоо органдары америкалыктардын шайлоо жараяны жана саясий институттарга болгон ишенимин начарлатууга багытталган орусиялык атайын кызматтардын Кошмо Штаттардагы жашыруун ишмердүүлүгүнүн масштабдарын аныктоого аракет кылууда.

ФБР Демократиялык партиянын компьютердик түйүндөрүнүн бузулуп, кат куржундагы 20 миңден ашык кызматтык документтердин ачыкка чыгарылышын активдүү иликтеп жатат. Америкалык эксперттердин пикиринде, ал аракеттердин артында орусиялык хакерлер турат.

ММКлар жазышкандай, Кремлдин максаты шайлоонун жүрүшүнө таасир этүү эмес, шайлоодо башаламандык түзүү жана америка шайлоо жараянынын кадырын кетирүү болуп эсептелет.

Эки партиянын мүчөлөрүнөн турган бир канча америкалык мыйзам чыгаруучулар АКШ президенти Барак Обаманы Орусиянын мыйзамсыз аракеттерин ачык айыптоого чакырышкан. Обаманын администрация өкүлдөрү азырынча АКШнын жообу кандай болушу керектиги чечиле электигин билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG