Ссылки доступа

Бишкек шаардык соту эки укук коргоочунун президент боюнча арызын карайт


Бүгүн Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын ар-намысын жана ишмердик беделин коргоо жөнүндөгү өлкө президенти Алмазбек Атамбаевге каршы жазган арызын карайт.

«Кылым шамы» укук коргоо уюмунун башчысы Азиза Абдирасулова президенттин расмий кечирим сурашын жана алардын дарегине айтылган сөздөрдү төгүндөшүн талап кылууда. Анын айтымында, президент моралдык чыгым катары аларга 10 миллион сомдон төлөп бериши керек.

16-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочулардын президенттин үстүнөн жазган арызын канааттандырган эмес.

Быйыл Энелер күнүндө мамлекет башчы кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган. Укук коргоочулар жыйынга мониторинг жүргүзүү максатында барышканын айтышып, президенттин айтканына нааразы болуп сотко кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG