Ссылки доступа

Өзбекстан АКШ менен туруктуу өз ара мамиледе болууну жактайт


АКШнын жогорку кызматтагы дипломатынын айтымында, Өзбекстан Кошмо Штаттар менен туруктуу мамиледе болууну каалайт. Мындай пикирин АКШ Мамлекеттик департаментинин Борбор Азия маселелери боюнча катчысынын жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм билдирди.

Дипломат Ташкентте Өзбекстандын тышкы иштер министри менен жолуккан соң, журналисттер менен маалымат жыйынын курду.

“Комилов менен жолугушуу учурунда ал эки тараптуу мамилелердин туруктуу болушун абдан каалай тургандыгын билдирди. Буга байланыштуу мен анын айткандарын маанилүү билдирүү катары кабыл алдым”,-деди Розенблюм.

Бул Ислам Каримов дүйнө салгандан бери АКШ дипломатынын Өзбекстанга болгон алгачкы сапары. Ал президенттин өлгөндүгүнө байланыштуу көңүл айтып, Кошмо Штаттар мурдагыдай эле Өзбекстан менен тыгыз кызматташтыгын уланта берерин баса белгиледи.

Анын айтымында, кайсы бир мамлекетте жетекчи алмашса, кыйынчылыктарды жаратат. Бирок мындай өткөөл учур өлкөлөр үчүн көнүү жана биримдик жолдорун табуу мүмкүнчүлүктөрүн түзөт.

XS
SM
MD
LG