Ссылки доступа

Шавкат Мирзияев: Орусия менен стратегиялык өнөктөштүгүбүз бекемделет


Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияев менен Орусия президенти Владимир Путин дүйшөмбү күнү Самаркандда жолугушту. Жолугушуу учурунда өзбек өкмөт башчысы Өзбекстан үчүн Орусия стратегиялык өнөктөш экенин жана ошол бойдон кала беренин айтты.

Орусия президенти 3-мартта дүйнө салган Өзбекстан президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө гүл коюп, эскерүү үчүн келген.

Мирзияев Путиндин сапары эки өлкөнүн жогорку деңгээлдеги мамилесинен кабар берерин жана бул өзбек эли үчүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи. Республика үчүн кайгылуу күндөрдө атайын сапар менен келип, көңүл айткан Орусия лидерине ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Владимир Путин Өзбекстандын алгачкы президентинин тушунда калыптанган байланыштар мындан ары дагы бекемделе берерин айтты.

«Өзгөчө акыркы күндөрү Ислам Абдуганиевич менен жеке мамилебиз өтө жакшы жана ишенимдүү эле. Ал эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдеп кетти. Ислам Каримов түптөгөн ымала мындан ары дагы уланат деп ишенем. Эң ынак дос катары көрүп, бизге ишенсеңер болот», - деди Путин.

Өзбекстанды дээрлик 27 жыл башкарган Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнөдөн кайтып, сөөгү 3-сентябрда Самаркандга коюлган. Орус президенти Кытайда "Чоң 20нын" саммитинде болгондуктан, Каримовдун тажыясына катыша албай калган.

XS
SM
MD
LG