Ссылки доступа

Орусияда чет элдик агенттерди издөө жанданууда


Орусиянын Юстиция министрлиги “Мемориал” эл аралык укук коргоо коомун күтүүсүз текшерүүгө алды. Коммерциялык эмес уюм чет элдик агенттердин функциясын аткарып жаткан жокпу деген маселе аныкталууда.

Текшерүүнү Башкы прокуратура демилгеледи. Ал 5-сентябрда башталган. Жыйынтыгы 30-сентябрга чейин чыгышы керек.

Юстиция министрлигинин суроосу менен уюм төрт жыл аралыгындагы протоколдорду, жумуш жөнүндөгү баяндамаларды, билдирүүлөрдү, каржылык, банктык жана башка документтерди тапшырды.

"Мемориал" коому – Орусияда эң биринчилерден болуп иштеп баштаган уюм. Ал 1989-жылы СССР мезгилинде эле түзүлгөн. "Мемориал" кеңеш доорундагы саясий репрессияларды иликтөө, Чоң террордун курмандыктарынын архивин түзүү, курман болгондордун элесин түбөлүккө калтыруу, агартуучулук жана укук коргоо боюнча ишмердүүлүк жүргүзөт.

"Мемориалды" 2013-жылы текшергенден кийин коомду чет элдик агент катары каттоодон өткөрүү тапшырмасы берилген. “Чет элдик агент” тизмесине Москвадагы “Мемориал” укук коргоо борбору жана ушундай эле аталыштагы Рязань менен Екатеринбургдагы бейөкмөт уюмдар киргизилген. Юстиция министрлиги 5-сентябрда алардын катарына “Левада-борборун” дагы кошкон.

XS
SM
MD
LG