Ссылки доступа

Намангандык карыя Каримовдун мүрзөcүнө баруу үчүн Самаркандга велосипед менен жолго чыкты


Наманган облусунун Чартак районунун пенсионери, 75 жаштагы Хусан Ходжибаев 5-сентябрда велосипед менен Самарканд шааарына сапар тартты. Ал Өзбекстандын биринчи президентинин мүрзөсүн зыярат кылмакчы.

Пенсионер көздөгөн жерине 8-9-сентябрда жетүүнү максат кылууда. Хусан Ходжибаев же айылдыктар айткандай “Хусан-бобо” маркум Ислам Каримовду “досум” деп атачу. Карыянын айтымында, Намангандан Самаркандга жетүү үчүн 521 чакырым жолду велосипед менен басып өтүү керек. Бул үчүн 4-5 күн талап кылынат.

Аксакалдын айтымында, бул кабарды уккан соң көптөгөн адам таң калып, колунан келишинче жардам берүүдө. Хусан Ходжибаевдин пикиринде, Каримов узак жылдар бою элдин жыргалчылыгын көздөп, эмгек кылды. Андыктан “жолдошу” үчүн 4 күн велосипед менен жол тартып, кыйналууну ашык көргөн жок.

Пенсионер көп жылдар бою өзбек лидерине ар кыл маселелер боюнча кат жазып турган, Каримов болсо жардам берген. “Ал жыл сайын 1-сентябрда туулган күнүм менен куттуктачу. Өзү келчү эмес, бирок жергиликтүү аткаминерлер келип куттуктап кетишчү”,-деди Ходжибаев.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2-сентябрда инсульт алып, көз жумган. Анын сөөгү 3-сентябрда Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексине коюлган.

XS
SM
MD
LG