Ссылки доступа

Дүйнөлүк гиганттар Тажикстандагы мунайгаз кени үчүн соттошууда


Тажикстандагы «Куляб Петролимум Лимитед» ишканасына ээлик кылган «Тетис Петролиум» компаниясы Эл аралык арбитраждык сотко доо арыз менен кайрылды. Ал эки өнөктөшү – кытайлык CNPS жана франциялык Total компаниясынан компенсация иретинде 10,1 миллион доллар талап кылууда.

Буга чейин мунайгаз тармагындагы дүйнөлүк лидерлер CNPS жана Total майдын аягында сотко кайрылып, өз милдетин так аткарбагандыгы үчүн «Куляб Петролиум Лимитед» менен чыккан талашка чекит коюуну сураган.

Тажикстандагы компания СNPC жана Total менен биргеликте Бохтардагы мунай жана газ кендерин иштетүүгө киришкен.

Талаш каржы маселелеринен улам чыккан. СNPC жана Total маалымдагандай, «Куляб Петролиум» Бохтардагы ири газ кенин иштетүүнү долбоорлоого 2 миллион доллар инвестиция жумшоо милдетин алган. Бирок убаданы аткарган эмес жана үлүшүн кайтарбай койгон. Учурда CNPC жана Total Бохтардагы кен чыгуучу жайда теңме-тең, 33,335% үлүшкө ээ, ал эми «Куляб Петролиумдуку» 33,33 пайызды түзөт.

«Бохтар» мунайгаз бассейининде 3,22 триллион куб.м газ жана 8,5 млн. баррель мунай бар. Бул долбоорго дүйнөлүк мунайгаз тармагында иш алып барган компаниялар кызыгышкан. Бассейн Хатлон облусунда жайгашкан жана 35 миң чарчы метр аянтты ээлейт.

XS
SM
MD
LG