Ссылки доступа

Орусиядагы университетте жылаңач студенттердин сүрөтүнөн улам жаңжал чыкты


Кемеров Мамлекеттик университетинин Тарых жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Константин Юматов иштен алынды. Ага окуу жайга кабыл алуу мааракесинде тартылган биринчи курстун студенттеринин жылаңач сүрөттөрү себеп болду.

Ошондой эле анын эки орун басары да жумуштан айдалды. Окуу жайда текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу университеттин басма сөз кызматы билдирди.

Жаңжалдын чыгышына бир нече күн мурда 1-курстун жылаңачтанган студенттери тартылган сүрөттөрдүн интернетке жарыяланышы себеп болгон. Кыздар ич кийимчен, балдар энеден туума болушкан. Студенттер ар бир чечилген кийим үчүн командага упай ыйгарылган сынакка өз каалоолору менен катышкандыктарын айтышкан.

Ошол эле маалда кеченин башка катышуучулары чоң курстун студенттери иш жүзүндө аларды чечинүүгө мажбурлап, баш ийбегендерди катаал жаза менен коркутканын билдиришүүдө.

Университет сынакка катышкан 1-курстун студенттеринин окуудан чыгарылганы тууралуу маалыматты четке какты.

XS
SM
MD
LG