Ссылки доступа

Кыргызстан үчүн интернет үч эсе кымбаттады


Казакстандын провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет баасын 1,5-3 эсе жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн байланыш операторлор бирикмеси билдирди. Буга чейин коңшулар кымбаттоо тууралуу алдын ала эскертишкен, бирок баа саясаты эмне себептен өзгөргөнүн айтышкан эмес.

Буга байланыштуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарифтердин жогорулашынын себептерин түшүндүрүп берүү өтүнүчү менен Казакстанга кат жолдогон. Мекеменин басма сөз катчысы Назира Турдалиева жооп келген күндө да комитет казакстандык провайдерлердин баа саясатына кийлигише албай турганын билдирди.

IT-тармагы боюнча эксперт Азамат Аттокуров интернеттин кымбатташы саясий чечим экенин айтууда. Ал бул маселени чечүүгө өлкөнүн жогорку бийлиги кийлигишүүсү керек деп эсептейт. «Баалардын кымбатташын Кыргызстандын маалымат коопсуздугуна болгон кол салуу десек болот. Интернет бизге абадай эле керек. Провайдерлер бириксе да бул маселени чече алышпайт», — деп кошумчалады ал.

Кыргызстан интернеттин 90 пайызын казак провайдерлеринен, Казакстан болсо Орусиядан алат. Эгер казак тарап бааны түшүрбөсө өлкөдө Кытайдын интернетине муктаждык жаралат. Бирок Аттокуровдун айтымында, Кытай интернети арзан болгону менен сапатсыз.

Расмий маалыматтар боюнча 2015-жылы Кыргызстанда активдүү интернет пайдалануучулардын саны 4 млн. 750 миңден ашкан. Жалпы өлкө боюнча калктын 79% интернетке туташуу мүмкүнчүлүгү бар.

XS
SM
MD
LG