Ссылки доступа

Ильми Умеров психиатриялык ооруканадан бошотулду


Крым-татар элинин межлис төрагасынын орун басары Ильми Умеров шаршембиде Крымдагы психиатриялык ооруканадан бошотулду. Бул тууралуу анын жактоочусу Марк Фейгин Твиттерге жазды.

Ал Умеровго коюлуп жаткан айыптоолорду жокко чыгаруу аракетин көрөрүн билдирди.

Аннексияланган Крымдын бийлиги 59 жаштагы Ильми Умеровду сепаратизм чакырыктарын жасаган деп айыптап жатат. Ал теле аркылуу "Орусияны Крым менен Донбасстан чыгып кетүүгө мажбурлоо керек" деп билдирген.

11-августта саламаттыгынын начар экенине карабастан Умеровду экспертиза үчүн деген негизде күч менен психиатриялык клиникага которушкан.

Буга чейин крымдык татар саясатчынын абалы боюнча тынчсызданууларын Европа биримдиги, Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму жана украин парламенти билдирген.

XS
SM
MD
LG