Ссылки доступа

Тажикстан президенти түрмөдөгү диний партия кеңешчисине ырайым кылды (видео)


Тажикстан кайра жаралуу партиясынын укуктук маселелер боюнча кеңешчиси Зарафо Рахмони эркиндикке мунапыс аркылуу чыкпаганын билдирди. Анын айтымында, өлкө президенти ага ырайым кылган соң азаттык алды.

Бир жыл мурун камалган Зарафо Рахмони 5-сентябрда абактан чыккан. Ал президентке кат жазып, кечирим сурап кайрылганын жана анын өтүнүчү канааттандырылганын билдирди. Рахмони бул үчүн өлкө башчысына ыраазычылык жолдоп, учурда үй-бүлөсүнүн жанында экенин кошумчалады.

44 жаштагы Зарафо Рахмони 2012-жылдан тарта Ислам кайра жаралуу партиясынын укуктук маселелер боюнча кеңешчиси болгон. Акыркы мезгилде жактоочулук иш менен алектенген.

Ал былтыр партиянын 13 жогорку даражадагы мүчөсү менен кошо кармалган. Аларга өлкөнүн мурдагы коргоо министри Абдухалим Назарзоданын тобу менен кызматташып, сентябрь козголоңуна катышкан деген айып тагылган. Быйыл июнда кармалгандар узак мөөнөткө түрмөгө кесилген. Бир гана Зарафо Рахмониге жеңил жаза каралган болчу.

XS
SM
MD
LG