Экономикалык изилдөөлөр борборунан билдиришкендей, бул - Ислам кызматташтык уюмунун жалпы саясатын ишке ашыруу үчүн негизги багыттарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берген жыл сайын өтчү маанилүү иш-чара.
Ислам кызматташтык уюму чоңдугу боюнча БУУдан кийинки экинчи турган өкмөттөр аралык уюм болуп эсептелет. Ал жалпы калкы 1,5 миллиардан ашкан 57 өлкөнү бириктирет. Башкы максаты - мусулман өлкөлөрүнүн ортосунда социалдык, экономикалык жана саясий тармактагы кызматташуу, эл аралык аренада биргелешип ишмердик жүргүзүү жана мүчө өлкөлөрдүн туруктуу өнүгүшүнө жетишүү.
Өзбекстандын төрагалыгы астында уюмга мүчө өлкөлөр ортосундагы илимий-техникалык, соода жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү, терроризм жана экстремизм идеологиясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди бириктирүү, ошондой эле өзөктүк куралдан эркин болгон географиялык аймакты кеңейтүүгө жетишүү болжолдонууда.