Ссылки доступа

Шавкат Мирзиёев Өзбекстан президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды


Өзбекстанда президенттин милдетин убактылуу аткаруу укугу премьер-министр Шавкат Мирзиёевге берилди. Мындай чечим 8-сентябрда өлкө парламенти Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасы жана Сенатынын кошмо жыйынында кабыл алынды.

Сенат төрагасы Нигматилла Юлдашев "Мирзиёевдин мамлекеттик бийликтеги жогорку жетекчилик кызматтардагы иш тажрыйбасын, эл арасындагы кадыр-баркын" эске алуу менен ага президенттин милдетин аткаруу вазыйпасын жүктөө сунушун айтты. Жыйынтыгында бул сунуш колдоого алынды.

Өзбекстандын Конституциясына ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу.

Сенат төрагасы кызматын 2015-жылдан бери Нигматилла Юлдашев ээлейт. Айрым булактардын маалыматы боюнча Юлдашев президент милдетин аткаруудан "өзү баш тарткан".

Шавкат Мирзиёев 59 жашта. Ташкент ирригация жана мелиорация институтун бүтүргөн. Карьерасы Ташкенттин Мирзо-Улугбек районунун акими болуу менен башталган. Андан соң Жизак жана Самарканд облустарын жетектеген. Мирзиёев 2003-жылдан бери Өзбекстандын премьер-министри болуп келген.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG