Ссылки доступа

Армения премьер-министри отставкага кетерин жарыялады


Арменияда өкмөт башчы кызматтан кетерин жарыялады. Премьер-министр Овик Абрамяндын отставкасы экономикадагы абал кескин начарлап, жарандардын арасында нааразылык күчөй баштаган учурга туш келүүдө.

"Бизге жаңы башталыштар жана ыкмалар зарыл. Келечек жөнүндө ойлонуп, жаңы өкмөт түзүү керек",-деди Абрамян министрлер кабинетинин жыйынында.

Бир нече жума мурда Армениянын президенти Серж Саргсян "улуттук макулдуктагы" өкмөт түзүүгө ниеттенип жатканын билдирген.

Абрамян премьер-министрлик кызматка эки жыл мурда дайындалган. Анын бийлиги тушунда Армениянын экономикасындагы негизги көрсөткүчтөр былтыр кескин начарлап кетти. Мындан тышкары коңшу Азербайжан менен чек ара маселеси курчуду. Еревандагы полиция имаратын куралдуу топ барымтага алды.

Айрым маалыматтарга караганда, Абрамяндын ордуна Еревандын мурдагы мэри Карен Карапетян келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG