Ссылки доступа

Мирзиёев: Борбор Азия Өзбекстан үчүн маанилүү орунда турат


Өзбекстан тышкы саясаттагы ишмердүүлүгүндө негизги артыкчылыкты өлкөнүн улуттук кызыкчылыктары менен тыгыз байланышта болгон Борбор Азия чөлкөмүнө берет. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзёев Мыйзам чыгаруу палатасы менен парламенттин Сенатында өткөн жыйында билдирди.

Ал коңшу мамлекеттер болгон Түркмөнстан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстанга карата мурдагыдай эле ачык, достук мамиледеги прагматикалык саясат жүрүзүлө турганын айтты.

Мирзиёев тышкы саясатта КМШ өлкөлөрү менен мамилени өркүндөтүү приоритеттүү багыт боло турганын кошумчалады. Анын ичинде Орусия менен ырааттуу жана ар тараптуу достук байланыштарды чыңоого көңүл буруларын баса белгиледи.

Анын айтымында, Өзбекстан үчүн АКШ менен дагы эки тарапка тең пайдалуу, ар тараптуу, конструктивдүү кызматташтыкты сактап калуу мааанилүү. Өлкө ошондой эле Кытай, Жапония, Корея жана башка мамлекеттер менен экономика, инвестиция илим жана технология, билим берүү, саламаттыкты сактоо, туризм багыттарында өнөктөштүктү бекемдөөгө кызыктар.

“Кандайдыр бир аскердик-саясий блокторго кошулбоо, аскердик базаларды жана башка өлкөлөрдүн объектилерин Өзбекстан аймагына жайгаштырбоо жана аскер кызматкерлерин өлкөнүн тышына жөнөтпөө мурдагыдай эле биздин бекем позициябыз боюнча кала берет”-, деди Мирзёев.

Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган.

XS
SM
MD
LG