Ссылки доступа

"Евровидение-2017" сынагы Киевде өтөт


Эл аралык "Евровидение" сынагы 2017-жылы Киевде өтөт. Бул тууралуу Украинанын Улуттук телекомпаниясынын башкы директору  Зураб Аласания билдирди.

Сынактын уюштуруучуларынын чечимин Евровидениенин Берлиндеги Байкоочу кеңешине жакынкы күндөрү тапшырышат. Иш-чара кайсы шаарда өтөрү июлдун аягында эле жарыяланышы керек болчу, бирок ушул убакытка чейин ачыкка чыкпай, создугуп келди. Сынакты өткөрүү сунушу Киев, Днепр, Одесса, Львов, Харьков жана Херсон шаарларынан түшкөн.

Стокгольмдо быйыл 14-майда өткөн сынакта крым-татар тектүү украиналык ырчы жеңишке жетишкен. Жамала Сталиндин башкаруусу учурунда депортацияга туш болгон эли тууралуу “1944” аттуу ырды ырдап чыккан. Экинчи орунду австралиялык Дэми Им багындырса, үчүнчүлүктү орусиялык ырчы Сергей Лазарев алган. Украинада 2005-жылы дагы "Евровидение" сынагы өткөн болчу.

XS
SM
MD
LG