Ссылки доступа

Тажик бажы кызматкеринин үйүнөн 48 миң доллар уурдалды


Хатлон облусунун укук коргоо органдары маалымдагандай, үч кишиден турган кылмыштуу топ беткап кийип алып, бажы чиновниги Курбон Зукуровдун үйүн тоноого киришкен.

Ички иштер министрлигинин билдиришинче, кылмышкерлер 48 миң доллар катылган металл сейфти үй ээсинин автоунаасына жүктөп, Бохтар районунун Кызылжылдыз деген жерине алып келишкен. Ал жерден алар башка автоунаага отурушуп, топтун мүчөлөрүнүн биринин үйүнөн сейфти талкалап, уурдалган каражатты өз ара бөлүп алышкан.

Тажикстан ИИМи кабарлагандай, үйдү тинтүү учурунда сейф жана акчалардын бир бөлүгү табылган. Милициянын маалыматы боюнча кылмышкерлер алгач аткаминердин аялын жана балдарын сабап, андан соң ири суммадагы акчаны уурдап кетишкен. Зукуровдун 17 жаштагы баласы жаракат алып, ооруканада жатат. Окуя 8-сентябрга карган түнү болгон.

Бажы кызматкери өзү оор абалда ооруканага жеткирилди, азыр ден-соолугу түзүк. Курбон Зухуров бир жылдан ашык убакыттан бери Хатлон облустук бажы башкармалыгынын аудит бөлүмүн жетектейт.

Кылмыш жасоого шектелип, беш адам кармалды. Учурда алар көрсөтмөлөрүн берүүдө. Бирок үйдөн уурдалган 48 миң доллар Курбон Зухуровдун жеке каражатыбы же ал иштеген мекемеге таандыкпы, алигиче белгисиз бойдон калууда.

XS
SM
MD
LG