Өзбекстандын маркум президенти Ислам Каримовдун ысымы Ташкентте 1897-жылы курулган мечиттердин бирине коюларын кызы Лола Каримова-Тилляева Фейсбукта кабарлады.
"Уламалар кеңеши жана коомчулук мечитти Өзбекстандын биринчи президенти, менин атам Ислам Каримовдун урматына “Ислам-Ата” деп атоону сунушташты”,- деп жазат Каримова-Тилляева.
2015-жылы бүтүндөй өрттөнүп кеткен мечит учурда оңдолуп жатканын Лоланын баракчасындагы сүрөттөрдөн көрүүгө болот.
Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов инсульт болуп 2-сентябрда 78 жашында дүйнө салган. Анын сөөгү кичи мекени Самаркандга коюлган.