Ссылки доступа

Өзбек-кыргыз чек арасында маңзат катылган жашыруун жай табылды


Өзбекстандын укук коргоо органдары Кыргызстан менен чектешкен Анжиян облусунун аймагында 20 килограммдан ашуун маңзат катылган жайды табышты. Бул тууралуу облустук милицияга шилтеме берүү менен жергиликтүү ММКлар билдиришүүдө.

Маңзат жергиликтүү жеке чарбалардын кампасында табылган. Экспресс-анализ көрсөткөндөй, баштыктарда 10,2 килограмм героин жана 11,3 килограмм апийим болгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду, тергөө амалдары жүрүүдө.

Маңзатын көзөмөлдөө боюнча улуттук маалымат-аналитикалык борбордун эсебинде, Өзбекстанда 2012-2015-жылдар аралыгында жашыруун жайдан алынган маңзаттардын саны эки эсеге же 194 килограммга көбөйгөн.

Борбордун маалыматы боюнча Өзбекстанда чек араларды бекемдөө иштеринен кийин жашыруун жайлар маңзатты алып өтүүчү канал катары жигердүү колдонулууда.

Ооганстан жана Тажикстандан каттаган жүк ташуучу поезддердин көмүскө жерлери, ошондой эле чек арага жакын аймактардагы жашыруун жайлар маңзатын алып жүрүүнүн популярдуу түрлөрү болуп эсептелет. Өткөн жылы эле буга окшогон 50 тымызын жер табылган.

XS
SM
MD
LG