Ссылки доступа

Ляур полигонунда тажик-орус машыгуулары өтүүдө


Дүйшөмбүдөн 25 чакырым алыстыкта жайгашкан Ляур полигонунда Тажикстандын куралдуу күчтөрү менен Орусиянын 201-аскер базасынын бөлүмдөрүнүн биргелешкен машыгуулары өтүүдө.

Тажикстан Коргоо министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Жамшед Хусейнов аймакта согуштук ок атуулардын коштоосундагы тактикалык машыгуулардын акыркы этабы 15-сентябрда, эки өлкөнүн 800 жоокери жана 200гө жакын аскер техникасынын катышуусунда өтөрүн билдирди. Машыгуулардын максаты - терроризм менен экстремизмге каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.

Хусейновдун айтымында, машыгууларга Орусиянын 201-аскерий базасынын тактикалык тобунун батальону, Тажикстан Коргоо министрлигинин атайын даярдыктагы ротасы, ИИМдин ички аскер бөлүгү жана УКМКнын чек ара аскерлери катышууда.

Бир жума ичинде жоокерлер, сержанттар жана офицерлер тоолуу жерлерде тапшырмаларды аткарышат. Анда коргонуу, чабуулга өтүү, шарттуу кылмыштуу топторду издөө, курчоого алуу жана жок кылуу көнүгүүлөрү аткарылат.

Биргелешкен машыгуулар 13-сентябрда башталган, 16-сентябрда аяктайт. Расмий маалыматтар боюнча, бул ушул жылдагы тажик-орус аскерлеринин алгачкы биргелешкен магышуусу.

XS
SM
MD
LG