Ссылки доступа

"Росбалт": Захарченконун үй-бүлөсүнүн банктык эсебинде 300 миллион евро бар


Швейцариялык банктарда Орусия ИИМинин камактагы полковниги Дмитрий Захарченконун үй-бүлөсүнө таандык 300 миллион евро сакталып турат. Бул тууралуу “Росбалт” укук коргоо органдарындагы булактарына таянып билдирүүдө.

Маалыматка караганда, Федералдык коопсуздук кызматына Дмитрий Захарченконун атасы Виктор Захарченконун наамына катталган офшордогу фирмалардын эсеби тууралуу маалымат түшкөн. Бардыгы болуп алты документ табылган, алардын арасында Rothschild Bank менен Dresdner Bank бар. Учурда акчалар кайдан келип чыкканы такталууда.

Орусия ИИМинин Экономикалык коопсуздук башкармалыгынын башчысынын орун басары Дмитрий Захарченко пара алуу, ыйгарым укуктарынан аша чабуу жана тергөөгө тоскоолдук жаратуу боюнча күнөөлөнүп, 10-сентябрда кармалган. Расмий маалыматтар боюнча полковниктен 9 миллиарддай рубль табылган.

Сотто айтылгандай, Захарченко “Нота-банкта” акчаларды кымырып жүргөн кишилерге жакында аларга карата тергөө амалдары ачыла турганын кабарлап койгон. Захарченкодон табылган каражат аталган банктын эсебинен уурдалган акчанын бир бөлүгү болушу мүмкүн экендиги болжолдонууда. Мындан тышкары ал “Вымпелкомдун” мурдагы башчысы Михаил Слободиндин качып кетүүсүнө түрткү бергендиги да белгиленүүдө. Полковник криминалдуу авторитет Шакро Молодой каймана аты менен белгилүү Захарий Калашов менен дагы байланышта болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Захарченко камалгандан кийин ИИМ башчысы Владимир Колокольцев Экономикалык коопсуздук жана коррупцияга каршы аракеттенүү башкармалыгында кызматтык текшерүү болорун жарыялады.

XS
SM
MD
LG