Ссылки доступа

АКШ менен Орусия Сириядагы тынчтык режимин узартуу боюнча макулдашууга келди


Орусия ТИМинин башчысы Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы тынчтык режимин дагы 48 саатка узартуу боюнча макулдашты. Максаты — өлкөдөгү гуманитардык каатчылыкты жеңилдетүү.

Кагылышуулар тууралуу айрым билдирүүлөр болуп жатканы менен жалпысынан ок атууну токтотуу режими сакталууда, зомбулук деңгээли кыйла төмөндөдү, деп билдирди Мамлекеттик департаменттин өкүлү Марк Тоунер.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Лавров Керри менен болгон телефондук сүйлөшүүсүндө АКШ жардам берип жаткан сириялык оппозиция күчтөрүн «Жебхат ан-Нусра» исламчыл тобунан өзүнчө бөлүү зарылдыгын билдирди.

Шаршембиде БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун АКШ менен Орусияны сириялыктарга шашылыш гуманитардык жардам жеткирүүнү камсыз кылууга дагы бир жолу чакырды.

9-сентябрда Женевадагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ менен Орусия тынчтык келишими тууралуу макулдашууга келип, ок атпоо режими 12-сентябрдан тарта киргизилген.

XS
SM
MD
LG