Ссылки доступа

ШКУ өлкөлөрүнүн антитеррордук машыгуусуна 2000ден ашуун аскер катышууда


Шанхай кызматташтык уюму Балыкчыда өткөрүп жаткан террорго каршы эл аралык машыгууга 2000дей аскер жана 300 аскердик техника катышууда.

Бүгүн башталган “Тынчтык миссиясы-2016” деп аталган аскердик машыгууларга Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын өкүлдөр келишкен. Иш-чара 21-сентябрга чейин уланат.

Машыгуулар учурунда ШКУга мүчө өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрү террорчулукка каршы операцияларга даярдык көрүүнү жана өткөрүүнү үйрөнүшөт. Мындан тышкары тоолуу шартта иштөө тажырыйбасын арттырууну максат кылышууда.

Шанхай кызматташык уюму 2001-жылы түзүлгөн. Ага Кыргызстан, Кытай, Орусия, Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө.

XS
SM
MD
LG