Ссылки доступа

Өзбекстан жашылча-жемиш жеткирүүдө Орусиядан жеңилдиктерди сурады


Өзбекстан Орусияга жашылча-жемиш жеткирүүдөгү бажы жана фитосанитардык жол-жобону жөнөкөйлөтүү боюнча келишим түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу РИА Новости Орусиянын Айыл чарба министрлигине шилтеме кылып билдирди.

Мындай идеяны Өзбекстан премьер-министринин биринчи орун басары Рустам Азимов Орусия айыл чарба министри Александр Ткачев менен болгон жолугушуусу маалында айтты.

Ткачев билдиргендей, биргелешкен аракеттердин жыйынтыгы менен өзбек айыл чарба азыктарын Орусия базарына жеткирүүнүн көлөмү эки эсеге көбөйгөн. Анткен менен дагы деле бир катар тоскоолдуктар бар.

Тараптар көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн өз ара жигердүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

XS
SM
MD
LG