Ссылки доступа

Астана аскердик-унаа учактарын сатып алуу боюнча Москва менен сүйлөшүүдө


Астана «жалпы мамлекеттик керектөө үчүн» Орусиядан чоң жүк ташууга ылайыкташкан эки аскердик-унаа учагын сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Учурда «Казспецэкспорт» ишканасы тарабынан Ил-76МД-90А аскердик-унаа учактарын сатып алуу жөнүндөгү макулдашуунун долбоору боюнча Орусия тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө», — деп жазылган басма сөз кызматтын шаршембидеги билдирүүсүндө.

Ил-76МД-90А Ил-76 учагынын жаңыланган түрү болуп эсептелет.

XS
SM
MD
LG