Ссылки доступа

Кыргызстанда КМШ саммити башталууда


Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн  саммити башталууда. Иш чара уюмдун түзүлгөнүнүн 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. ММКлардын маалыматына караганда, өлкө саммитти өткөрүү үчүн эки жыл даярданып, 18 миллион сом короткон. “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында конокторду кабыл алуучу боз үй салынган.

Жыйынга Азербайжан, Армения, Белорус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан президенттери катышат. Саммитте Молдованын премьер-министри, Түркмөнстандын вице-премьери , Өзбекстандын ТИМ башчысы, ал эми Украинанын Кыргызстандагы элчиси болот.

Саммитте КМШнын болочогу, экономика, маданий-гуманитардык багытта өз ара кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланат. Маалымдалгандай, күн тартибинде 15 маселе бар. Өзгөчө көңүл 2017-2019-жылдар аралыгында террорчулукка каршы күрөшүүдөгү кызматташууга бурулат.

Президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков өлкө лидерлеринин жолугушуусу алгач тар чөйрөдө, андан соң кеңири форматта өтөрүн айтты. Андан кийин КМШнын аткаруучу комитетинин башчысы Сергей Лебедев ММКлар үчүн билдирүү жасайт.

ТАСС Орусия президентинин жардамчысы Юрий Ушаковго таянуу менен Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге бир нече белек берерин жазды. Саммит өлкө башчынын 60 жылдык мааракесине туш келүүдө.

XS
SM
MD
LG