Ссылки доступа

Азербайжандагы референдум: активисттерге кысым көрсөтүү күчөдү


Азербайжан активисттери өлкө бийлиги референдум алдында журналисттер, жарандык активисттер жана укук коргоочуларга карата кысым көрсөтүп жатат деп эсептейт. Буга байланыштуу алар Батышты Бакуга каршы чараларды көрүүгө чакырышты.

Азербайжан президенти Ильхам Алиев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген. Ага ылайык, президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү узартылып, өлкө башчылыгына талапкерлердин курактык чектөөсү төмөндөйт. Референдум 26-сентябрга белгиленген.

Камактагы оппозициячыл лидер Али Керимлинин уулу Түркел Керимли АКШ конгрессинин өкүлдөр тобу менен болгон маегинде референдумдун жыйынтыктары жасалма болору шексиз экенин жана бийликке каяша бергендерге кысым көрсөтүлө берсе, жарандык толкундоолор болушу мүмкүн экенин айтты.

Бир жарым жылдай камакта жаткан иликтөөчү журналист Хадижа Исмаилова учурда Азербайжандын абактарында саясий туткун деп эсептелген 138 адам бар экенин айтты. Алардын арасында болжолдуу түрдө президент Ильхам Алиевдин үй-бүлөсү жана өкмөттөгү башка расмий адамдарга байланышы бар коррупциялык иштер тууралуу маалыматтарды чыгарган эки журналист бар экенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG