Ссылки доступа

Велосипедчен карыянын Каримовдун мүрзөсүнө барышын «кичи ажылыкка» теңешти


Намангандык Хусан Ходжибаевди айылдаштары белектер менен тосуп алышты. 76 жаштагы карыя Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун мүрзөсүнө зыярат кылуу үчүн эски велосипеди менен 521 чакырым жолду басып өтүп, Самаркандга барып келген.

Наманган облусунун тургуну Хусан Ходжибаев эски велосипеди менен Өзбекстандын маркум президентинин мүрзөсүнө барып келгенден кийин социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары анын сапарын «кичи ажылыкка» теңешти.

Фейсбуктагы «Ташкенттик айдоочулар» тобунун мүчөлөрү Ходжибаевге жаңы велосипед менен муздаткыч сатып берүү үчүн акча топтошкон. Эми 76 жаштагы карыя соцтүйүн колдонуучулары тарабынан белек катары берилген жаңы велосипед менен ажылыкка барып келүүгө ниеттенүүдө.

«Каримовдун мүрзөсүнө барып келүүнүн өзү деле ажылык болду. Самаркандга баргандан кийин Каримовдун ата-энесинин үйүнө жөнөдүм, бирок ал жакка жөнөкөй адамдарды өткөрүшпөйт. Мен тез эле кирип чыгууга үлгүрдүм, андагы милиция кызматкерлеринин бири да мага эч нерсе деген жок. Каримовдун мүрзөсүнө да адамдарды өтө жакын жолотушпайт, алар андан 1,5 метрден кем эмес алыстыкта өтүшү керек», - деди карыя.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов 2-сентябрда инсульттан улам каза болгон. Анын сөөгү 3-сентябрда Самарканддагы Шахи-Зинда мемориалдык комплексине коюлган.

XS
SM
MD
LG