Ссылки доступа

Өзбекстан Үңкүр-Тоодон милиционерлерин чыгарып кетти


Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдагандай, 18-сентябрь күнү Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу милиция кызматкерлерин толугу менен чыгарып кетти. Бул тууралуу кыргыз-өзбек чек арачыларынын сүйлөшүүсүндө кыргыз тарапка расмий кабарланды.

Өзбекстан Аксы районунда жайгашкан Үңкүр-Тоодогу радио-релейлик станцияга 7 -8 милиция кызматкерин 22-августта тик учак менен таштап кеткен. Жооп катары Кыргызстан ал тарапка милиция менен чек арачылардын кошумча күчүн жөнөткөн.

Кийинчерээк кыргыз Чек ара кызматы андагы өзбек милиционерлеринин саны 15-20га чейин көбөйгөнүн билдирген. Алар ошондон бери тоодо турушкан.

XS
SM
MD
LG