«Атам күн сайын чалат. Ал менин мектепке барган-барбаганымды сурап, тапшырма аткарганыма, кайсыл тамгаларды жаттаганыма кызыгат», - дейт Сумая.
Атасы кызы окуп билим алышы керек деп эсептейт. «Мен ага жакшы окушу керектигин айткам. Алгач ага кыйын болду. Бирок биз ага көңүл буруп турууга аракет кылабыз. Кудай буюрса кызымда баары жакшы болот», - деп кошумчалады Фирдавс.
Үйдө анын сабактарына апасы менен чоң энеси көз салып турушат.
Бейрасмий маалыматтар боюнча, ар бир 8-тажикстандык – эмгек мигранты. Эл аралык ЮНИСЕФ уюмунун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн 2015-жылдагы маалыматында кыздардын 70,7 пайызы гана 9-класстан кийин окуусун улантары көрсөтүлгөн.