Ссылки доступа

Алматыда шаар күнүнө карата алма фестивалы өттү


Шаар күнүнө карата Алматыда "АЛМАfest-2016" аталышындагы алма фестивалы уюштурулду. 2010-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан фестивалдын максаты шаардын алма аймагы деген мурдагы атагын калыбына келтирүү.

Фестивалга Алматы облусундагы 33 чарба алманын 26 сортун алып барды.

Шаар бийлиги фестивалды Алматынын 1000 жылдыгына тууралап уюштурган. 2009-жылы Алматы шаары расмий түрдө өзүнүн 155 жылдыгын белгилеген. 1854-жылы анда аскер чеби тургузулуп, кийин Верный шаары негизделген.

Бирок кийинчерээк жергиликтүү окумуштуулар Алматынын 2000 жылга жеткен тарыхы бар деп билдиришкен. Бир нече жыл мурда Алматынын жанындагы Алмарасан шаар урандыларын казууда «Алматы» деген жазуу түшүрүлгөн XIII кылымдагы теңгелердин табылганы маалымдалган. Алматы шаар күнүн сентябрдын үчүнчү жекшембисинде белгилейт.

XS
SM
MD
LG