Ссылки доступа

Путин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады


Орусия президенти Владимир Путин өлкөдөгү парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын кубаттады. Акыркы маалыматтар боюнча башкаруучу «Бирдиктүү Орусия» партиясы мыйзам чыгаруу органындагы көпчүлүк орунун сактап калууда.

Путин болжолдуу жыйынтыктарды ишеним көрсөтүү катары эсептей турганын билдирди.

Ошондой эле ал Орусиядагы экономикалык көйгөйлөрдү белгилеп, бирок «дайыма окшошо бербегени менен» депутаттар «чын дилден иштеп жаткандыктарын» айтты. Путин адамдар өлкөдө «абалдын жөнөкөй эмес экенин түшүнүп жаткандыктарын, бирок ал саясий абалдын туруктуу болоруна үмүт кыларын» кошумчалады.

Бюллетендердин эсептелип бүткөн 15 пайызынын жыйынтыктары боюнча «Бирдиктүү Орусия» парламенттеги көпчүлүк орунга — 50 пайызга ээ болду. Андан сырткары дагы үч партия Мамлекеттик Думадагы орундарын сактап калышты: экинчи орунда – Либералдык-демократиялык партия, анын аркасында коммунисттер менен “Адилеттүү Орусия” келе жатат.

Шайлоодо мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу «Яблоко», ПАРНАС, КПРФ партияларынын өкүлдөрү, шайлоочулардын укуктарын коргоо менен алектенген «Добуш» коомдук кыймылынын байкоочулары билдиришти. ИИМ Ростов облусундагы тилкеде шайлоо бюллетендеринин топтоштуруп таштоо фактысын каттады.

XS
SM
MD
LG