Колго жасалган заттын жардыруусунан көп өтпөй полиция кызматкерлери окуя болгон жерден төрт квартал алыстыктагы аймактан дагы бир шектүү зат табышып, анализге жөнөтүштү. Нью-Йорктун мэринин айтымында, азырынча окуяны террорчулук менен байланыштырган эч кандай далил жок.
Associated Press агенттиги күбөлөрдүн бирине шилтеме берип экинчи жардыруучу зат зымдар менен уюлдук телефон жабыштырылган, тамакты тез бышыруучу казан болгонун жазды. Дал ушундай заттар 2013-жылы Бостон марафонунда болгон жардырууда да колдонулган.
Мэр Манхэттендеги жардыруунун 17-сентябрдын таңында Нью-Жерсиде болгон жардыруу менен эч байланышы жоктугун кошумчалады. Нью-Жерсидеги колго жасалган жардыруучу зат марафон маалында жардырылган. Ал жакта жабыркагандар катталган эмес.