Ссылки доступа

Тажикстанда экстремизмге айыпталган эки жактоочу 25 жылга кесилиши мүмкүн


Мамлекеттик айыптоочу жактоочулар – Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамовдун күнөөсү сотто далилденгенин айтып, узак мөөнөткө эркинен ажыратууну суранууда. Прокурор Бузургмехр Ёровду 25 жылга, ал эми Нурддин Махкамовду 23 жылга түрмөгө кесүүнү өтүндү.

Бузургмехр Ёров менен Нуриддин Махкамов улуттук, расалык, диний ажырымды козутууга жана конституциялык түзүмдү өзгөртүүгө үндөөгө айыпталууда.

Ёров менен Махкамовдун жактоочусу айыптоочунун талабына макул эмес. Ал соттон адилеттүү чечим кабыл алууну суранды. Адвокаттын айтымында, бул ишти кароо учурунда көптөгөн кемчиликтер кеткен жана акыйкат иликтөө жасалган эмес.

Белгилүү адвокат Бузургмехр Ёров Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсүнүн кызыкчылыгын коргоп, бул максатта атайын комитет дагы түзгөн. Ал былтыр сентябрда камалган. ИИМ аны көз боемочулукка жана документ жасоого айыптаган. Декабрда тергөө жактоочуну Кылмыш кодексинин дагы үч беренеси боюнча, анын ичинен “экстремисттик ишмердүүлүккө чакырууга” айыптаган.

Ёров менен Махкамов аларга карата саясий негизде кылмыш иши козголгонун айтып келишет. 2015-жылы 4-сентябрдагы мамлекетти күч менен басып алуу аракетинен кийин Ислам кайра жаралуу партиясынын 13 мүчөсү камалган. Алар козголоңчу генерал Абдухалим Назарзоданын ишмердүүлүгүн каржылоого айыпталышкан. Кийинчерээк сот аларды узак мөөнөткө түрмөгө кескен.

XS
SM
MD
LG