Ссылки доступа

Абакта зордукталган аял жактоочусун кайра чакыртып алды


Адвокат Айман Умарова тергөө изоляторунда зордукталды делген аялдын кызыкчылыгын кайрадан коргойт. Алматыдагы абакта кармалган Наталья Слекишина 13-сентябрда күтүүсүздөн жактоочунун кызматынан баш тарткан.

Умарова буга чейин интернеттеги баракчасына Слекишинанын билдирүүсүн жарыялаган. Анда ал адвокат, прокуратура жана ММК өкүлдөрү менен жолугушууну талап кылган. Эгер талаптар орундалбаса, ачкачылык жарыялай турганын билдирген.

Адвокат Умарова 19-сентябрда жабырлануучу менен жолугуп чыгып, ал кысым көргөндүктөн, аргасыз жалган көрсөтмө берип, жактоочунун кызматынан баш тартканын билдирди.

Слекишина өткөн жылы түрмөдө жатып, кош бойлуу болуп, төрөгөн. Ал темир тор артында топ адамдардын зордуктоосуна кабылганын айткан.

Слекишинаны зордуктады делген абактын кызматкерлерине каршы сот иши 11-августта жабык режимде башталган. Айыпталуучу катары бир адам – 37 жаштагы Алматы түрмөсүнүн кызматкери Руслан Хакимов өтүүдө. Ал экспертизанын жыйынтыгы менен жарык дүйнөгө келген кыздын атасы катары аныкталган. Хакимов зордуктоо жана ыйгарым укуктарынан аша чабуу беренелери боюнча күнөөлөнүүдө. Айыпталуучу катары суракка алынган абактын башка үч кызматкери азыр күбө макамына ээ.

XS
SM
MD
LG