Ссылки доступа

Дамаск элдешүү жараяны токтогонун жарыялады


Президент Башар Асад режиминин Куралдуу күчтөрү жарашуу жараянын токтотуу боюнча билдирүү таратты.  Билдирүүдө айтылгандай, сириялык режимдин каршылаштары бир нече сапар элдешүү тартиптерин бузган жана жарашууну жаңы кол салуулар үчүн мүмкүнчүлүк катары пайдаланган.

Дамаск мындай көз карашын Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын ыкчам башкармалыгынын башчысы Сергей Рудскойдун билдирүүсүнөн кийин ачыкка чыгарды. Орусиянын Коргоо министрлиги бир тараптуу элдешүү режимин сактоо маанисиз болуп калганын айткан.

АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби 19-сентябрда Вашингтон сириялык командачылыктын билдирүүсүнө байланыштуу Орусия тараптан түшүндүрмө күтүп жатканын билдирген. Ал Орусия Дамаск режими үчүн ок атышпоо боюнча жоопкерчиликти алганын баса белгиледи.

АКШ менен Орусиянын ортомчулугу менен Сириядагы элдешүү жараяны 12-сентябрда күчүнө кирген болчу.

XS
SM
MD
LG