Ссылки доступа

Евробиримдик Крымдагы шайлоолордун жыйынтыгын тааныган жок


Евробиримдик жекшембиде Крымда өткөн шайлоолорду легитимдүү деп тааныган жок. Уюм Украинанын суверенитеттүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн мурдагыдай эле колдойт. Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчысы Федерика Могерини билдирди.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин позициясы дагы ушундай.

Крымда Мамдума үчүн шайлоолорду өткөрүп жаткандыгы үчүн Украина Орусияны айыптады. Киев мыйзамсыз добуш берүүлөр орус парламентинин төмөнкү палатасынын легитимдүүлүгүнө толугу менен шек жаратарын билдирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Орусия тарабынан аннексияланган Крымга байкоочуларын жөнөткөн жок.

Крымды Орусия 2014-жылы басып алган. Украина жана эл аралык коомчулук Крымдын Орусияга кошулушун тааныган эмес жана жарым аралды украин аймагы катары таанышат.

XS
SM
MD
LG