Ссылки доступа

Тажикстанга «Ислам мамлекети» тобунун 133 мүчөсү экстрадицияланды


Тажик бийлигинин маалыматы боюнча өлкөнүн 1000ден ашык жараны сырттагы түрдүү террордук жана экстремисттик уюмдардын катарына кошулган. 2016-жылдын 8 айында терроризм менен экстремизмге айыпталган ондогон жаш жигит мекенине кайтарылган.

Интерполдун «Калкан» долбоорунун жыйынында Тажикстандын ички иштер министри Рамазон Рахимзода чет өлкөлөрдөн Тажикстандын терроризм менен экстремизмге айыпталган 151 жараны экстрадицияланганын билдирди.

Алардын ичинен 133 адам «Ислам мамлекетинин», 5и «Жамоат Ансоруллохтун», 4ү козголоңчу командир Абдухалим Назарзода башында турган топтун мүчөлөрү. Калгандары «Хизб-ут-Тахрир», Өзбекстан Ислам кыймылы, «Салафия», «Группа 24» жана «Жамоати Таблиг» кыймылдарынын катарында болушкан.

Тажикстан ТИМинин маалыматы боюнча акыркы бир жарым жылда 75 тажик жараны Сирия жана Ирактагы согуштук аракеттерге катышкандан кийин өз каалоолору менен мекенине кайтып келишкен. Бийлик жалпысынан Тажикстандын 1100дөн ашык жараны Жакынкы Чыгыштагы согушка кеткенин жана учурда алардын 300үнүн курман болгонун билдирди.

Тажикстан көп жылдан бери Интерполдун мүчөсү, ошондуктан ал терроризм жана экстремизм, ошондой эле башка оор кылмыштарга айыпталган жарандарын колго түшүрүп, экстрадициялоого жардам берүү өтүнүчү менен башка өлкөлөргө кайрылып келет.

XS
SM
MD
LG