Ссылки доступа

БУУ: Алепподо гуманитардык колонна аба чабуулуна кабылды


Дүйшөмбүдө автоколоннага жасалган аба чабуулунан 12 адам өлүп, көбү жаракат алды. БУУнун өкүлдөрү 31 автоунаанын 18и талкаланганын кабарлады.

Учактардын биринчи толкуну жүк ташуучу унааларга сокку урган. Экинчиси жарадарларга жардам берген медицина кызматкерлерин аткылаган. Мындай тактиканы Сирияда Асаддын аскердик аба күчтөрү менен Орусия авиациясы кеңири колдонот. БУУ "буга өтө кыжыры кайнап жатканын" уюмдун Сирия боюнча чабарманы Стаффан де Мистура айтты. Буга чейин БУУнун коштоочулары аба чабуулдарына кабылган эмес.

Бир апта мурун Сирияда АКШ менен Орусиянын ортомчулугу алдында элдешүү келишими күчүнө кирген. Мунун алкагында БУУ жана “Кызыл жарым ай” коомунун сириялык бөлүмү курчоодо калган Алеппо шаарына тамак-аш азыктарын, медикаменттерди жана негизги муктаждык үчүн керектелүүчү буюмдарды жеткирген.

Аба чабуулдарына чейин Сирия командачылыгы ок атышпоо келишими күчүн жоготконун жарыялаган. АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сирия армиясы бомбалоону токтотпосо, тартип бузуулар үчүн Орусия жооптуу болорун айтты. Автоколоннага Орусия же Сирия авиациясы чабуул жасаганы белгисиз. Обаманын администрациясы бул жагдайды тактай элек.

The New York Times Акүй кызматкерине таянып кабарлагандай, Барак Обаманын администрациясы Сирия боюнча ок атышпоо келишими сакталарынан күмөн саноодо.

XS
SM
MD
LG