Ссылки доступа

GM Uzbekistanдын мурдагы башчысы күрөө менен үй камагына чыкты


Өзбек-америка биргелешкен GM Uzbekistan автоконцернинин 46 жаштагы мурдагы башчысы Тохиржон Жалилов шаардан чыкпоо шарты менен бошотулду. Ал ушул жылдын 29-апрелинен бери атайын кызматтардын тергөө абагында камакта жаткан.

Маалымдалгандай, өзбек-америка автоконцернинин мурдагы башчысы күрөө берип өткөн аптада үй камагына чыккан.

GM Uzbekistanды 2010-жылдан бери башкарып келе жаткан жана ошол эле маалда «Узавтосаноат» мамлекеттик башкармалыгынын төрагасы эсептелген 46 жаштагы Тохиржон Жалилов ушул жылдын апрелинде көз боёмочулук менен компаниянын акчаларын кымырып алган деп шектелип кармалган.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында Тохиржон Жалиловдон сырткары ишкананын кеминде дагы 10 кызматкери, анын ичинде GM Uzbekistanдын мурдагы башкы директорунун уулу да камакка алынган.

«Узавтосаноаттагы» булактар маалымдашкандай, өлкө башчысы алмашкандан кийин Жалиловдун өзүнө гана эмес, жалпы эле анын автоконцернин текшерүүгө карата мамиле өзгөрө баштады.

XS
SM
MD
LG