Ссылки доступа

Матаевдердин адвокаты соттон дагы 150 күбөнү суракка алууну өтүнүүдө


Казакстан журналисттер бирикмесинин төрагасы Сейтказы Матаевдин адвокаты арасында аткаминерлер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилери бар дагы ондогон күбөлөрдү суракка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылды.

Матаевдин жактоочусу Андрей Петровдун айтымында, кеп айыптоо тараптын сотко чакырылып сурак бере элек күбөлөрүн жараянга чакыруу жөнүндө болууда.

Матаев суракка алынышы керектигин билдирип жаткан 152 күбөнүн ичинде маалымат жана коммуникациялар боюнча вице-министр Сакен Сарсенов, «Казактелеком» компания башкармалыгынын төрагасы Куанышбек Есекеев, «Казатомпром» ишканасынын башчысы Аскар Жумагалиев, ошондой эл Байланыш комитетинин кызматкерлери менен ММК өкүлдөрү да бар.

Адвокат Андрей Петров кесиптеши Мадина Бакиеванын бул өтүнүчүн сот азырынча ачык бойдон калтырып жатканын айтты.

Сейтказы Матаев менен уулу Асеттин үстүнөн соттук жараян 23-августта башталган. Алар мамлекеттик каражатты кымырып алган деген шек менен февралда кармалып, Алматыда, андан соң Астанада үй камагында болушкан. Экөө тең айыптоолорду четке кагышууда.

XS
SM
MD
LG