Ссылки доступа

Барак Обама БУУнун Башкы Ассамблеясында акыркы кайрылуусун жасады


Барак Обама Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын алдында сөз сүйлөдү. АКШ президенти эл аралык коомчулук өкүлдөрүнө кайрылып, азыркы дүйнө тарыхый чакырыктарды жеңүүгө болуп көрбөгөндөй жөндөмдүү экенин белгиледи.

Обама өз сөзүндө авторитаризмге караганда демократияга карай ташталган кадам жакшы экенин билдирди. Анын айтымында, көз карандысыз маалымат каражаттары бийликти көзөмөлдөп, анын кыянат кылуусунун алдын алышы керек.

"Мен Американын мисалы уникалдуу деп ойлобойм", – деди Обама. Ал калкы өз сөзүнө ээ эки өлкөнү мисал келтирди. Президент мурдагы советтик блоктогу Европа өлкөлөрү азыркыдай деңгээлге демократияны өнүктүрүүдөгү аракеттеринин аркасы менен жетишкенин айтты.

Президент Орусияны Украинанын ишине кийгишип жаткандыгы үчүн, Түндүк Кореяны өзөктүк курал тармагында эл аралык коомчулукка чакырык таштагандыгы үчүн сынга алды.

XS
SM
MD
LG