«Биз бул маселени кылдат териштирип жатабыз. Кыргызстанга интернет жеткирүү милдетин жеке компаниялар жүзөгө ашырат. Азыр жеткирүүчүлөр бааны жогорулатуу боюнча кутумга барышканбы деген маселени карап жатабыз. Бул базар мамилеси, андыктан өлкө аталган тармакка ашкере кирише албайт. Эгер баа кутуму бар болсо, анда териштиребиз. Бул жерде дагы бир факторду эске алыш керек, биз интернетти Орусиядан алабыз. Бул дагы баа саясатында өз ролун ойнот», – деди Абаев.
Буга чейин Кыргызстандын Операторлор ассоциациясы Казакстан интернет тарифин 1,5-3 эсе жогорулатканын билдирген. Жаңы баа саясатынын себептери ачыкталган эмес. Мындан кийин айрым жергиликтүү операторлор тарифти көтөрүп же ылдамдыкты азайткан болчу.