Ссылки доступа

Тажикстан вице-премьеринин уулу түрмөгө отурушу мүмкүн


Тажикстан ИИМи өлкөнүн биринчи вице-премьери Давлатали Саидовдун 23 жаштагы уулу Фаромуза Саидовдун катышуусундагы жол кырсыгы боюнча кылмыш ишин козгоду.

Кылмыш иши «Жол коопсуздук жана транспорт каражатын пайдалануу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголду. Бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандарды беш жылдан он жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Кылмыш ишин Тажикстан ИИМинин Тергөө башкармалыгынын кызматкерлери тергешет.

Фаромуза Саидовдун катышуусундагы жол кырсыгы 10-сентябрда болгон. Анын жыйынтыгында эки киши мерт кеткен. Аткаминердин уулу болсо учурда ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Буга чейин Фаромузанын апасы авария техникалык себептерден улам болгонун билдирген. «Ал башка тарапка бурайын дегенде унаанын рулу иштебей калган. Уулум жакшы тарбия алган, мас эмес болчу. Биз кырсыктан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жардам берүүгө даярбыз», - деген ал. Буга чейин окуя чиновниктин баласы түнкү клубдан кайтканда болгону маалымдалган.

XS
SM
MD
LG