Ссылки доступа

Жихадчылар «колго түшкөн ФСБ офицери» тартылган видеону таратышты


«Ислам мамлекети» экстремисттик тобу Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) колго түшкөн офицери делген адам тартылган видео жарыялады. Экстремисттик уюмдардын ишмердүүлүктөрүнө байкоо салууга багытталган SITE intelligence group басылмасынын маалыматы боюнча видеодогу адам озүн Евгений Петренко деп тааныштырууда.

Ал Владимир Путин менен орус калкына кайрылып, тапшырма аткаруу маалында «халифаттын коопсуздук кызматы» тарабынан колго түшкөнүн билдирген.

"Евгений Петренко" каттоосу Москва облусунда экенин айтып, Орусия ФСБсынын Москва шаары боюнча 2-ыкчам бөлүгүнүн капитан наамына ээ штаттан сырткаркы кызматкери экенин билдирген. Ал туткундан бошотууну суранды.

Жихадчылар тарабынан жарыяланган видео боюнча Орусия бийлигинен же ФБС өкүлдөрүнөн расмий комментарий жок.

XS
SM
MD
LG