Ссылки доступа

Казакстанда камалган активисттерди колдоп, митинг өткөрүүгө макулдук берилген жок


Атырау шаарынын акимчилиги камакта жаткан активисттер – Макс Бокаев менен Талгат Аянды жактап, митинг өткөрүүгө макулдук берген жок. Жергиликтүү укук коргоочу Асел Нургазиева 25-сентябрда митинг өткөрүү боюнча билдирмени 17-сентябрда эле берген. Акцияга болжол менен 80дей адам катышары айтылган.

Митинг өткөрүү үчүн “Жеңиш” паркы же Курмангазы атындагы сейил багынын аймагы тандалып алынган. Шаар бийлиги бул жерлерди атайын жыйын өткөрүү үчүн аныктаган.

Акимчиликтин катында айтылгандай, арыз мыйзам талаптарына жооп бербейт. Билдирме берген жаран иштеген жерин, дарегин, аты-жөнүн толук көрсөтпөгөндүктөн, сунушу кабыл алынган эмес.

Асел Нургазиева болсо дал ушундай форма менен мурда дагы билдирме толтурганын, бирок анда акимчилик шаарды тазалоо боюнча бир айлык журүп жатканын негиз кылып, нааразылык акциясын уюштурууга макулдук бербегенин айтты.

Макс Бокаев менен Талгат Аян араздашууну козутуп, мыйзамсыз митинг өткөрүүгө айыпталышууда. Эки активист 24-апрелде жер реформасына каршы өткөн нааразылык акциясынын башкы уюштуруучуларынан болушкан. Алар тагылган күнөөлөрдү четке кагып, саясий негизде иш козголгонун баса белгилеп келишет.

XS
SM
MD
LG