Ссылки доступа

Ташкентте Тажикстандын Эгемендүүлүк күнү белгиленди


Тажикстандын Өзбекстандагы элчилиги «International Hotel Tashkent» мейманканасында эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына арналган кече уюштурду. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар ТИМдин маалыматына таянып билдиришүүдө.

Салтанатка Өзбекстандын премьер-министринин орун басары баштаган аткаминерлер, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана кызматкерлери, илим, маданият өкүлдөрү, журналисттер, ошондой эле Өзбекстанда жашаган тажик жарандары катышты. Тажикстандын Өзбекстандагы элчиси майрамдык сөз сүйлөдү.

Өзбекстандын Эл артисти Насиба Абдуллаева тажик жана өзбек тилдеринде бир нече чыгарма аткарып берди. Иш-чара Тажикстандын жаңы жетишкендиктерин, салт-санаасын, маданият жана жаратылышын, тарыхын баяндаган даректүү тасманы көрсөтүү менен коштолду.

XS
SM
MD
LG