Ссылки доступа

HRW: Тажикстанда оппозициячылар куугунтукталууда


“Тажикстанда оппозициячыларга карата өлкөнүн ичинде жана тышында аңчылык жүрүүдө”. Ушундай аталыштагы даректүү тасманын бет ачары шаршембиде Варшавада өттү. Бул жерде ЕККУнун жыйыны жүрүүдө.

Фильмдин авторлору - Human Rights Watch менен Хельсинки комитети Норвегияда Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөлөрүнүн катышуусундагы “Группы 24”тасмасын тартуулап жүрүшөт.

Жарандык активисттер бул фильмде АКШ, Евробиримдик, БУУ, ЕККУ жана башка Тажикстан менен кызматташкан уюмдарга кайрылып, Дүйшөмбүгө санкция киргизүү менен саясий өзгөрүүлөрдү баштоого үндөшүүдө.

Human Rights Watch билдирүүсүндө белгиленгендей, Тажикстан адам укуктарын сактоо маселесинде терең кризиске кептелди. Мындай жагдай өлкөдө акыркы 20 жыл аралыгында болгон эмес.

Уюм соңку эки жылдан тарта бийликке каяша айткандарга согуш жарыяланып, ондогон юристтер, адвокаттар, журналисттер жана социалдык түйүндүн колдонуучулары камалганын баса белгиледи. Жүздөгөн активисттер өлкөдөн куулгандан кийин бийлик чет жакта жүргөн оппозиционерлерге "аңчылык" кылууда.

XS
SM
MD
LG